– Президент эң жогорку даражалуу кыз- матта отурган адам. Анын айткан сөзү куру сөз менен калбай, ишке ашышы керек. Ант- песе, ага эл ишенбей калат. Элдин ишени- мине ээ болом, элдик президент болом десе, оозунан чыккан сөздүн кулу болуп, корруп- ция менен күрөштү күчөтүшү керек. Ошон- дой эле президенттин коррупция менен күрөшкөн иш-аракети элге жакын болуп, эл көрүп, билип баа берип турушу керек. Ант- песе, иштеп жатат деген нерсени билдириш үчүн ак жеринен бирөөнү каралап, камап, чыныгы коррупционерлер гүлдөп жүргөн мезгилден айырмасы болбой калат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ