Бүгүн, 9-июлда Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында саат болжол менен 15:00 чамасында Бозбу-Ата тоосунда, Курайрык, Коёш капчыгайларында нөшөрлүү жамгыр жаап, андан улам Мундуз, Кызыл-Дыйкан, Жаңак, Атана айылдарында чоң сел кетти. Бул тууралу айылдык кеңештин депутаты Чынарбек Кадыркулов билдирди.
Селдин айылдарга келтирген чыгымдары али тактала элек, бирок Мундуз айылында жолдун четинде турган жеңил Honda Odyssey (Хонда Одиссей) жана жүк ташуучу “ГАЗ-53” машиналарын агызып кеткени анык.
Өзбекстан менен чектеш турган Атана айылында сел айыл аралап, короолорго чейин кирип кеткени айтылууда.
“Мундуз айылынан Кызыл-Дыйкан айылынын Шаки Тойматов атындагы орто мектебине чейинки таш жолду сел толук жууп кеткен. Бульдозер менен тегиздемейинче ал жолдо жеңил машина жүрө албайт”, – дейт депутат Кадыркулов.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ