Ош шаарында жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү саат 12:18де Б.Осмонов көчөсүндө “Хюндай Портер” жана “Дэу Тико” унаалары сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган (1 эркек: 1960-жылы туулган, 2 аял: 1984-жылы туулган, 1984-жылы туулган).
КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ