Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Пакыр Калла” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-декабрында саат 14:00 чамасында Сузак РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда 1983-жылы туулган эркек киши (Т.Б.) төшүнүн туш тарабына бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган.
Факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-б. (“Бейбаштык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшү башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, жабырлануучунун 1975-жылы туулган айылдашы, бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган “Пакыр Калла” каймана аты бар Б.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ