Menu

Мээрбек Мискенбаев: “Мен бир тууган Жээнбековдордун далай кылыктарын ачам, мага ушундай мамиле кылыштыбы? Асилбек Жээнбековдон кечирим сурабайм”

Бөлүшүү:

«Мага кылмыш иши 2016-жылы мен депутат кезде Текебаев менен тиреше кетип, ошондо козголгон, анан 2 жыл текшерилип, эч нерсе таппай, кайра жабылган болучу (Атамбаев жаптырган – Кыргызтудэй). Эми ошол ишти кайра козгошуптур. Мен билем эмнеге козгошуп жатканын, быйыл 17-мартта мен президенттин инисине асылып, «Асылбек депутаттык мандатын тапшырып, элге келип кошулсун» деп айткамын. Ошондон бери коркутуп-үркүтүп, ар кандай каралоолорду жасап келатышат. Ошол кезде мен “Мегаком” ишканасында кеңешчи элем, ал жактан кет дешти эле, кеттим. Анан “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен кет дешти, кеттим.  Өзүңөр билесиңер, “Айкөл-Ала-Тоо”  өтө чоң, партиялардан да күчтүү коом, ошондуктан аны бөлүп-жарып жок кылганы  жатышат…”, – деп билдирди кечээ, 2-июлда “Азаттык” радиосуна видеоинтервью берип, Апрель баатыры Мээрбек Мискенбаев.

“Мен билем бул мага атамбаевчи катары Жээнбековдор тарабынан саясый куугунтук. Мени “камап коёбуз, СИЗОго киргизип “сындырып” коёбуз” деген жаман ойлору болуп жатат. Мен өздөрүнө деле айткамын “Камасаңар камай бергиле, бир жыл жатам, беш жыл жатам, баары бир чыгам, өлүп калбасам баары бир чыгам, өзүмдүн актыгымды далилдейм”, – дейт Мискенбаев.

-Сизди 2016-жылы эле “Айкөл Ала-Тоонун “ мүчөлөрү  “2 миллион сомго көмүр алып, жеп койду “ деп айыптап чыгышпады беле?

-“Кыргызкөмүр” ишканасынан 300 тонна көмүр алганбыз.  Баарынын документтери бар. Биз аренда акысын эле төлөгөнбүз. Анан 2 миллион алды деп, бир күнү 10 миллион деп, бир күнү 13 миллион деп, биз өзүбүздүн да башыбыз айланып калды… “Айкөл Ала-Тоодо”  500 мүчө бар, ал жерде Кыргызстандын менден кыйын, “мен-мен!” деген жигиттери чогулган, анан ошолор мага жегизип коюп карап турмак беле? Алар өздөрүнчө изилдеп табышкан…

Ошол эле көмүр боюнча туура. Көмүр боюнча менин “Айкөл Ала-Тоодогу орун басарым Амантур Жамгырчиевдин иниси, ошол Ак-Суу районунун Маман айылынын жигитери болушат да , ошолор компания болушуп, 600-700 тонна көмүр алышкан экен, эми ошол көмүрдү да “Айкөл Ала-Тоо” алган экен мааниде кылып жатышат да.  Ошону “алган, алган, жеген, жеген” деп элдин кулагына сиңирип жатышат. Биздин укук коргоо органдары закон менен иштебей заказ менен иштеп калган го…  Баары эле “үстүдөгүлөр менен жолугуп, чечишип албайсыңбы” дешет, эми үстүндөгүсү ким? Асылбек Жээнбековго барып сүйлөшүп койбойсуңбу деген эле кеп да. Эмнеге бармак элем Асылбекке? Ага карызым жок болсо, же аласа-бересем жок болсо, же мен Асилбек Жээнбековдон кечирим сурайм деп 7-апрелде жаракат алдым беле? Муну токтотуш керек да!  Эми ошол мен 3 ай мурун айткан “депутаттык мандатын тапшырып койсун , үй-бүлөлүк башкаруу болуп кетпесин” деген сөздү эми мен эмес, элдин баары айтып жатпайбы?  Үй бүлөсү гана эмес, кудасы, тагасы, агасы, жээни баары бийликке аралашып жатпайбы?  Ушундай бара берсек, дагы 3 айдан кийин Кыргызстанды кудалары башкарып калат.  Эгер Жээнбеков бир туура иш кылса мен колдойт элем. Эмне иш кылды? Бир ишин билесизби? Мен билбейт экемин, 3-4 ишин билем: самолетко учуптур, намаз окуптур, орозо кармаптыр, кортежи жок жүрүптүр, башка эч нерсеси жок. Эмне иш кылып жатат? Болгону Атамбаевчилерди камамай, эртеден-кечке Атамбаевди жамандамай, атамбаевчилерге иш козгомой, камамай, болду башка иши жок…

-Сиз “Асилбек Жээнбеков агасы президент болсо депутаттык мандатын тапшырып кетем деп  убада кылган” дедиңиз, эми Асилбек Жээнбековдун ошентип убада кылганына далилиңиз барбы?

Мага Асилбек ошентип убада кылган деп Фарид Ниязов айткан…

Эгер Сооронбай Шарипович коррупция менен чындап күрөшөм десе өзүнүн иниси Асилбек Жээнбековдон баштасын. Асилбекти биринчи камаса мен анын жанына өзүм барып олтурам. Асилбек 386 миллион доллардык ТЭЦ боюнча келишимди жарым саатын ичинде 3 окуудан өткөрүп, кабыл алып берген. Мен ошондо коррупцияга каршы күрөшкө ишенем…

Мен мыйзамдын негизинде булар менен күрөшөм, кудай буйруса, аман болсом, мен бул бир тууган Жээнбековдордун далай былыктарын ачам! Мага ушундай мамиле кылыштыбы? Мен булардын далай былыктарын ачам азыр. Убакыт келет ага дагы…”, – деп жыйынтыктады Мээрбек Мискенбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: