Menu

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен сүйлөшүүгө даяр

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр. Болжол менен эки өлкө лидеринин сүйлөшүүсү жакынкы эки айда өтүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Дональд Трамп бир нече күн мурда Ким Чен Ын менен сүйлөшүү өткөргөн Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен жолуккандан кийин белгилүү болду. Алар Дональд Трампка Түндүк Корея лидеринин сүйлөшүү боюнча чакыруусун беришкен. Анын максаты Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу жана өзөктүк арсеналын жок кылуу болушу керек. Президент Трамп Твиттердеги билдирүүсүндө алдыдагы жолугушуунун ийгиликтүү болорун ишенерин айтып, Түндүк Корея сүйлөшүүлөр маалында ракеталык сыноолорду токтотуудан баш тартып жатканын жана Пхеньянга каршы киргизилген санкциялар макулдашууга келишкенге чейин күчүндө каларын билдирди.

АКШнын иштеп жаткан президенттери Түндүк Корея жетекчилери менен эч качан жолугушкан эмес. Дональд Трамп мурдагы президенттердин катасын кетирип, күтүлгөн натыйжа бербей келген узакка созулган сүйлөшүүлөргө барбай турганын айткан.

Азырынча жолугушуу өткөрүлө турган жер жана датасы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: