Menu

Ильдар Акбутин, парапсихолог: “Көңүл кайсы жерде экен деп издей берчүмүн”

Бөлүшүү:

– Ильдар, сизди шаардагы эң белгилүү психолог катары билип калдык. Бул кесипти кокусунан эле тандап калбасаңыз керек?

– Мен кичинемде биолог болсом деп кыялданчумун. Дененин түзүлүшү ошол кезде мен үчүн абдан кызыктуу болчу. Бирок чоңойгон сайын адамдын денесинин түзүлүшүнөн да анын ички дүйнөсү кызыктуураак боло баштады. Адам кантип ойлонот? Анын ой-сезимдери кайдан чыгат? деген суроолорго жооп издей берчүмүн. Бир жолу апам экөөбүз тоок тазалап жатканда: “Апа, тооктун көңүлү кайсы жеринде?” – деген суроо менен апамды жүдөткөнүм эсимде. Кийин парапсихология, эзотерика илимдерин өз алдымча окуп, аларга кызыгуум артты. 2001-жылы тренд психологиясын өздөштүрдүм.

– Социалдык тармактар көбөйгөнү дипломсуз психологдор да көбөйдү. Дегеним, биринин көйгөйүнө экинчиси кеңеш бере берет. Буга кандай карайт элеңиз?

– Мисалы, сиз тишиңиз ооруса тиш догдурга кайрыласыз, үй курам деп чыгынсаңыз тажрыйбалуу куруучуну издейсиз. Эгерде көңүлүңүз, жан дүйнөңүз ооруса, биринчи кезекте жакын курбуңузга айтасыз. Бирок ал жөн гана угуп же сиз менен кошо кайгырышы мүмкүн. Ал эми психолог ошол кыйын кырдаалдан чыгууга көмөктөшөт. Мага келгендер биринчи кабыл алуудан кийин эле өздөрүн жеңил сезип калгандарын айтышат. Ал эми сизге соцтармактар аркылуу кеңеш берген кишилер – ар түрдүү деңгээлдеги кишилер. Алардын ар кимиси ар түрдүү кеңеш айтып башыңызды айландырып коюшу мүмкүн. Менимче, ички дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү баарына айтып жар салган да туура эмес, дасыккан адис гана сизге жардам бере алат.

– Сизге көбүнчө кандай көйгөйлөр менен кайрылышат? Аялдар көп келишеби же эркектерби?

– Менин кардарларымдын 99 пайызы үй-бүлөлүк маселелер менен келишет. Бизде “нике институту” деген нерселер жок, мектептерде да бул темага кайрылышпайт. Азыр ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны арбууда. Мен ошолорду ар кандай психологиялык тесттерди, трансты, жаңы ыкмаларды колдонуу менен оор кырдаалдан чыгара алам. Албетте, кайрылгандардын көбү кыз-келиндер. Күйөөсү менен аялынын ортосундагы карама-каршылыктар, эне-кыздын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча өз тажрыйбамда көп эле адамдарга жардам бердим.

– Сиз менен жолугардан мурун сиз тууралуу көп окудум. Сиздин ишиңизге ыраазы болуп жагымдуу пикирлерин калтыргандар көп экен. Ошол эле учурда сизге кантип жолугууну билбей жүргөндөр да бар экен.

– Рахмат, жылуу сөзүңүз үчүн ыраазымын. Мага көбүнчө бирөөлөр аркылуу угуп эле келишет. Мен ар бир кардарымды түшүнгөнгө аракет кылам. Кээде адамга оор күндөр биринин артынан бири тизмектелип келип калган учурлар болот. Анын баары аз келгенсип, ошол учурда материалдык тартыштык да келип чыгат. Мен мындай учурда психолог катары кардарымды түшүнүп, 20 пайыздык жеңилдик сунуштайм. Негизи эле менин кызмат акым өтө жогору эмес. 5 мамлекетке барып дүйнөлүк психологдордон тажрыйба алып келип турам, бирок ошого карабай кызмат акымды жогорулатпайм. Мен биринчи кезекте акчаны эмес, мамилени туу туткандарданмын. Бирок өз жумушу үчүн аз төлөм сурагандар – алар профессионалдар эмес. Чыныгы кесипкөйлөрдүн баасы дайыма жогору.

– Биздин гезитти энелер көп окушат. Психолог катары аларга айта турган сөзүңүз барбы?

– Мен 20 жылдык иш тажрыйбама таянып айтсам, көп кишилердин көйгөйү балалык чактагы тарбиясына барып такалат экен. Ошон үчүн баланы катуу жазалабай, кагып-силкпей, ченеми менен урушуп өзүнө ишенген инсан кылып тарбиялоо маанилүү. Жаш кездеги соккулар убакыт өткөн сайын чоңоюп, жүрөгүн өйүп жүргөн көп эле кишилерди көрдүм. Ошон үчүн энелерге айтарым, балдарыңарга туура тарбия бергиле. Менин бир кызым бар, ага дайыма туура тарбия бергенге аракет кылам. Бул жаатта мени түшүнгөн жубайыма ыраазымын. Ал кытай тилинен котормочу, көп жылдар бою Кытайда жашап келген. Экөөбүз биргеликте кызыбызды татыктуу инсан кылып тарбиялоого болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.

Гүлзат ЭРНАЗАРОВА

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: