Нурбек кызы Акмарал жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Нурбек кызы Акмарал Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектепти аяктаган. Жалпы республикалык тестирлөөдөн ал 229 балл алган.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миң 245 окуучу катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ