Menu

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов мамлекетке келтирген материалдык зыянды толугу менен төлөдү

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов мамлекетке 1 миллион 33 миң сом кайтарып берди. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун бама сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, Ош шаардык сотунун судьясы кечээ, 13-январда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновго карата баш коргоо чарасын тандап, аны сот залынан үй камагына бошоткон. Анткени ал келтирилген зыянды (1 миллион 33 миң сом) толугу менен төлөп берген.

Үй камагы 2021-жылдын 11-мартына чейин дайындалды. Ал Савай айылында жайгашкан үйүнөн саат 22:00дөн 06:00гө чейин эч жакка чыкпашы керек. Көзөмөлдөө Ички иштер башкы башкармалыгына жүктөлгөн. Прокурор шаардык соттун чечимине беш күндүн ичинде Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.

Белгилей кетсек,  Мунарбек Сайпидинов 11-январда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек менен кармалган.

Савай айылына мектептин спорт залын куруп жаткан учурда жалпы суммасы 1 миллиондон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. Ошондой эле М.С. жооптуу адамдар менен бирге жогоруда айтылган объекттин сапатсыз аткарылган иштери менен колдонууга берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: