Menu

Элчилик: “Кыргызстандык КРнын Москвадагы элчилигинин күзөтчүсүн кол көтөрдү деп күнөөлөдө” деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:
ЖМКларда жана социалдык түйүндөрдө тарап жаткан «Кыргызстандык КРнын Москвадагы Элчилигинин күзөтчүсүн кол көтөрдү деп күнөөлөдө» аттуу аталыштагы маалымат боюнча, бул билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.
Алардын айтымында, 20-январда болжол менен сааат 17:00дө Элчиликтин консулдук бөлүмүнө 1988-жылы туулган С.А. аттуу КРнын жараны жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу узартуу талабы менен кайрылган.
Анын өтүнүчүнүнө жооп катары Элчиликтин кызматкерлери жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн узартуу мүмкүн эместигин билдирген.
Маалымат катары: 2020-жылдын 19-майында КРнын Өкмөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин (31-декабрды камтуу менен) Паспортторду автоматтык түрдө узартуу жөнүндө токтомду бекиткен. Тагыраак айтканда, КРнын Өкмөтүнүн чечими менен 2020 – жылы КРнын жарандарынын паспортторун узартуу бир жолку гана мүнөзгө ээ болгон.
Жаранга паспортту алмаштыруу жол-жобосу боюнча консультация берилген. Ошону менен бирге, паспортту алмаштыруу боюнча жарандардын көп сандагы кайрылууларын эске алуу менен аны ишке ашыруу алдын ала жазылуу жолу менен гана ишке ашырылары белгиленген.
С.А. аттуу жарандын, аны алдын ала жазуусуз жана кезексиз тейлөө боюнча талабына жооп катары, залда өз кезегин күтүп отурган КРнын жараны бар экендиги түшүндүрүлгөн.
Консулдук бөлүмдүн күзөтчүсүнүн консул алдын ала жазылган жарандарды кабыл алууну улантуусу үчүн анын залдан чыгуусу боюнча өтүнүчүнө С.А. аттуу жаран нааразычылык билдирип, агрессивдүүлүк менен күзөтчүнү бир нече жолу башка чапкан.
Мындан сырткары, жарандарды кабыл алуу кабинетине чуркап кирип, жаман сөздөр менен кыйкырып, столдо жаткан степлерди ала калып документтерди кабыл алуу боюнча компьютерди жана техникаларды талкалайм деп коркутууга өткөн.
Ушуга байланыштуу Элчиликтин күзөтчүсү коопсуздукту камсыз кылуу максатында, С.А. аттуу жаранды консулдук бөлүмдүн имаратынан чыгарууга мажбур болгон.
Кырдаалды объективдүү иликтөө максатында, Элчилик видео жазууларды карап чыгып, элчиликтин имаратынан башынан жаракат алган белгилерсиз чыгып кеткен КРнын С.А. аттуу жаранын, күзөтчү “токмоктогон жок” деп билдирет.
С.А. аттуу жарандын денесине залал келтирилген деген айыптоолорун эске алып, Элчилик медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат алуу максатында Москванын саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына расмий суроо-талап жөнөттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: