Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Индиянын Президенти Шри Рам Натх Ковинди Республика күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Индия Республикасынын Президенти Шри Рам Натх Ковинди Индия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Соңку жылдарда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү активдүү диалогду жөнгө cалып, кыргыз-индия мамилелерин өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыгара алдык. Эки өлкөнүн ортосундагы достукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан кызыкдар экенибизди баса белгилейм», — деп айтылат куттуктоосунда.

Талант Мамытов Шри Рам Натх Ковиндге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Индия элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: