Menu

Министр Алмазбек Бейшеналиев Жумгал районунда жаңы ачылган мектепке министрликтин атынан 16 комплект компьютер тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунда болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алмазбек Бейшеналиев Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Аталган мектеп 2020-жылдын декабрь айында курулушу толук аяктап пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет. Министр министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды.

Министр иш сапарын улай Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы мектептин курулушу, ошондой эле Кочкор районунун Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин, Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин жалпы абалы менен таанышты.

Министр облустук билим берүү жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине ар бир райондогу көйгөйлүү деп саналган мектептердин тизмесин тактап берүүсүн тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: