Актөбө облусунун Көкжиде кениндеги иш таштоо эки күндөн бери уланууда. Мунайчылар айлык акыны 100 пайыз көбөйтүүнү талап кылышууда.
25-январда 200 мунайчы чогулган, тараптар макулдаша алган эмес. Шейшембиде “КМК-Мунай” компаниясынын президенти Ван Цзиньбао мунайчылардын айлык акысын 20 пайызга көбөйтүүгө макулдугун билдирген. Бирок жумушчулар буга макул болгон жок.
Мунайчылар маянаны көбөйтүүдөн тышкары эски жатакананы мунай скважинасынан алыс көчүрүүнү, ашканадагы тамак-аштын сапатын жакшыртууну, кесиптик кошуун менен камсыздоону да талап кылышууда.
”КМК Мунай” компаниясы Көкжиде, Кумсай кендеринде мунай өндүрөт. 2004-жылы түзүлгөн бул компанияда 400гө жакын киши иштейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ