Menu

HRW Нур-Султандын көз карандысыз кесиптик кошуундардын ишин токтотуу аракетин сындады

Бөлүшүү:

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин Жылуулук-электр комплексинин жумушчуларынын тармактык кесиптик кошуунунун ишин токтотконун айыптап, сотко берген арызын кайтарып алууга чакырды.

Ай башында жергиликтүү басылмалар Чымкент шаарынын акимчилиги Жылуулук-электр комплексинин жумушчуларынын тармактык кесиптик кошуунунун ишин күч менен токтотуу өтүнүчү менен сотко арыз жазганын кабарлашкан.

Арызда кесиптик кошуун мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамды бузганы, курултайдын документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбегени айтылган.

Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык укук коргоо уюму 27-январда жарыялаган маалыматта Чымкент акимчилиги берген арызда айтылган талаптар жөнсүз жана күчүн жоготкон мыйзамдарга негизделгини белгиленген.

Кесиптик кошуундар тууралуу мыйзамдын 2014-жылдагы редакциясында “тармактык кесиптик кошуундар республикалык бирикмелердин курамына кириши керек” деген талап жазылган. 2020-жылы майда бул берене жумшартылып, тармактык кесиптик кошуундар республикалык маанидеги бирикмелердин курамына кирүүгө укугу бар экени жазылган.

Жылуулук-электр комплексинин жумушчуларынын тармактык кесиптик кошуунунун төрагасы Куспан Косшыгулов бирикеменин филиалдары өлкөнүн жети аймагында жана Нур-Султанда каттоодон өткөнүн, мамлекеттик реестрде бар экенин билдирди.

Акимчиликтин арызы Чымкентте 1-февралда каралары күтүлүүдө.

Казакстанда көз карандысыз кесиптик кошуундардын ишине тоскоол жаратуу тажырыйбасы кеңири тараган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: