Бааларды турукташтыруу жана борбордун базарларын жана дүкөндөрүн толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампалардан ун сатат. Бул тууралуу бүгүн, 2 февралда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаарынын тургундары биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, экинчи сорттогу унду 16 сомдон Карадарьинская көчөсүндөгү 3-үйдүн базасынан сатып алса болот, толук маалымат алуу үчүн 0556 700 800.
Ошондой эле, унду арзан баада Кулиев көчөсү 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатып алууга болот, телефондор: 0 (312) 658658.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ