Menu

ИИМ: Казарманда майып кызды сабоо фактысы боюнча экспертиза дайындалды

Бөлүшүү:

Социалдык тармактардын биринде ички иштер министрлигине кайрылган видеоматериал боюнча ИИМ тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, бардык тергөө, иликтөө процесстери мыйзам чегинде так жана акыйкат жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 7-февраль күнү Артыкбек уулу Алтынбектин мүмкүнчүлүгү чектелген бир тууган карындашы 1996-жылы туулган Артыкбек кызы А.  Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашаган таятасы   С.С. жана тайэнеси   А.У. зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөндүгү социалдык тармактардын бирине жүктөлүп, мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган видео, фото жана аудио жазуулар жарыяланган.

Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБде  катталып,  тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө милициянын тергөө-ыкчам тобу, арызда көрсөтүлгөн дарекке Тогуз-Торо райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте барып,  1996-жылы туулган Артыкбек кызы А. менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана тайэнеси А.У.дан түшүнүк каттар алынып, материалдар топтолду.

Алгачкы текшерүү учурунда Артыкбек кызы Алмира өзүнүн берген көрсөтмөсүндө Казарман айылында 1999-жылы апасы каза болуп калган учурда, бир туугандары таятасы менен тайэнесинин колунда чоңоюшкандыгын билдирген.

Ошондой эле, 2021-жылдын 5-февраль күнү бир тууган агасы Бишкек шаарында жашаган Артыкбек уулу Алтынбек  келип, Бишкек шаарына алып кетем дегенде  таятасы менен тайэнеси Бишкек шаарына кетирбейбиз деп, тайэнеси А.У.  бир нече жолу колу менен денесине уруп, буту менен тепкилегендигин айткан.

Аталган окуяга чейин, Артыкбек кызы Алмираны таятасы жана тайэнеси колдору менен урбагандыгын, бирок спирт ичимдиктерин ичкен учурларда сөздөрдү айтып урушушкан. Таятасы тарабынан зордуктоого кабылган эмес, агасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, агасы бирөөлөрдөн уктум, сени таятам зордуктаптыр деп сураган учурда, зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн ооба деп жооп бергендигин, таятасы тарабынан эч кандай зордуктоо болбогондугун билдирген.

Тайэнеси А.У.  өзүнүн көрсөтмөсүндө  жолдошу С.С.  экөө каза болуп калган кызынын 3 баласын камкорчу катары багып алышкан. Ал эми 1996-жылы туулган Артыкбек кызы Алмира  1-топтогу майып экендигин  билдирген. Артыкбек кызы Алмира майып болгондуктан, үйүндө абышкасы менен бирге карап жатышкан. 2021-жылдын 5-февраль күнү небереси Артыкбек уулу Алтынбек  Бишкек шаарынан келип, карындашын Бишкек шаарына алып кетем дегенде, жини келип, 3 жашынан баштап баккан небересинин  кетем дегенин угуп, нааразы болуп, колу менен ургулап, буту менен тепкилегендигин билдирген.

Жабырлануучу Артыкбек кызы А. окуядан кийин ооруканага алып барып, алгачкы дарыгерлер менен бирге текшерүү учурунда анын денесинде (жыныстык мүчөсүндө) жаракаттар аныкталган эмес.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 2021-жылдын 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 75-беренесинин негизинде Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери  жүрүүдө.

Аталган сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жана Жоруктар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынды жана бардык иликтөө иш-чаралары мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: