Кара-Балта шаарында милиция кызматкерлери тарабынан бир жарандан “Макаров” тапанчасы жана октору алынды. Бул тууралууу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун ИИББдүн криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Панфилов айылынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, анын өздүгү аныкталып, Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кара-Балта шаарынан 1993-жылы туулган Т.Т. кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда, анын айдап жүргөн автоунасынан “Макаров” үлгүсүндөгү травматический тапанча, 5 дана резина огу алынган.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ