Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы Жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөттү. Ага ылайык, Кеңешменин сунуштары эске алынып, иштелип чыккан Конституциянын долбоору расмий сайтка мурда коюлган долбоор менен алмаштырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсеңиздер болот:
0312 63 86 92
Эл.дареги: [email protected]
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ