Menu

“Elite House” курулуш компаниясынын мыйзамсыз курулуш объектилери инженердик коммуникацияларынан ажыратылды, эми алар түрттүрүлүшү мүмкүн

Бөлүшүү:

Курулуш компанияларынын биринин катышуусу менен мыйзамсыз курулуш боюнча ачылган коррупциялык схемалар боюнча иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сөз “Элит Хаус” курулуш компаниясы жөнүндө болуп жатат.

Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК Архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында тийиштүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун системалуу фактылары аныкталды.

Учурда сотко чейинки процесстин алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө юридикалык баа берилет. Сотко чейинки процесстин алкагында мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарында тиешелүү сот иштери башталды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: