Жалал-Абад облусунда экс-вице-спикер Мирлан Бакировдун бир тууганы Төлөн Бакиров кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Такталгандай, кылмыш ишин иликтөөнү УКМК жүргүзүп жатат.
Маалыматтар боюнча, Бакиров Жалал-Абад шаардык мэриясында жашылдандыруу тармагын жетектеп тургандагы ишке байланыштуу кармалган. Ал Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, Төлөн Бакиров “Кочкор-Ата” жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасынын башчысы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ