Menu

2 жашар жээнин сабаган аял 3 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Балыкчы шаардык соту 2 жашар жээнин сабаган аялды шарттык түрдө 3 жылга эркинен ажыратты. Териштирүүнүн жүрүшүндө соттолуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

33 жаштагы Ч.Г  баланы жамбашына чаап, ага кыйкырганын билдирген. Ошол учурда терезеден көрүп турган кошуналары ал тууралуу милицияга кабарлашкан.

“Баланы мага тарбиялоого таштап кетишкен. Мени менен жолдошумдун жээнинен тышкары дагы төрт бала жашачу. Кармоо болгон күнү мен базарга кеткем, ал жерден келгенимде баланын бетинде тактарды көрдүм.  Көрсө менин уулум анын бетине ысык чай чачып жибериптир. Мен жээнимдин бетин тазаладым. Ошол эле күнү кечинде жолдошум телефон чалды, биз катуу уруша кеттик. Балдар ыйлаганынан мен аларды урушуп уктаганга жибергем. Жээнимди болсо жамбашка уруп, сөккөм”, – деп билдирген соттолуучу.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында 33 жаштагы аял 2 жаштагы жээнин ур-токмокко алып, анын натыйжасында бала ооруканага жаткырылган, ал эми анын таэжеси камакка алынган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: