Menu

Панфилов районунан 40тан ашык кой уурдоого шектелген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Панфилов районунан 40тан ашык кой уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын февраль айында өлкөдөгү жалпыга мааламдоо каражаттарына Панфилов районунун жашоочусунун видео кайрылусуу чыккан, ал кайрылуусунда белгисиз адамдар тарабынан тоноо жолу менен бир нече кой уурдалганын айтып милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген.

Бул видео карылуу боюнча Чүй ОИИББы төмөнкүлөрдү билдирет:

2020-жылдын 8-октябрь күнү Панфилов РИИБүнө арыз менен жергиликтүү жаран кайрылып,  8-октябрь күнүнө караган түнү анан сарайына белгисиз адамдар келип, анын мал караган адамдарына күч колдонуп коркутуп сарайдан  49 баш койун уурдап кеткендигин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнын жана Панфилов РИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Натыйжасында бул кылмышка шектүү делип үч жаран кармалган, алар 1989-жылы туулган Б.Н., С.А., жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1982-жылы туулган К.З. аныкталган.

Белгилеп кетчүү нерсе социалдык тармактарда таратылган видео материалдагы кайрылган жарандын ой-пикири боюнча милиция кызматкерлери иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыш катталгандан баштап бардык ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн, тергөөнүн кызыкчылыган карата бардык  болгон маалыматтар берилген эмес.

Учурда кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилдии.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: