Бүгүн, 14-февралда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Сахна жылдызы” китеп-иллюстрациялык көргөзмөсү жана «Көп кырдуу талант ээси Нурканбек Турсунбаевдин кыргыз искусствосундагы тарыхый орду» аттуу илимий-практикалык конференциясынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирет.
Көргөзмө жана конференция КРнын Эмгек сиңирген артисти, композитор, музыкант Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгына арналган.
Китеп-иллюстрациялык көргөзмөгө китептер, гезит-журнал макалалары, басылмалар, ошондой эле Турсунбаевдин өмүр жолу жөнүндө сүрөттөр коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ