Menu

Самарканддагы аукциондо автоунаа номуру дээрлик 60 миң долларга сатылды

Бөлүшүү:

Самаркандда онлайн-аукцион аркылуу облус коду түшүрүлгөн 30 Z 777 ZZ автоунаа номуру 596,5 миллион сумга (57 миң доллар) сатылды. Бул Өзбекстанда 2021-жылы автоунаа номурларын сатуу боюнча өткөн аукциондордогу рекорддук сумма болду.

Өзгөчө айкалыштагы сандар жана тамгалардан турган «кооз» номурдун ээси эми негизги суммадан тышкары келишим үчүн 29 миллион сум (2 800 доллар) өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөп бериши керек.

Бул номур аукционго өткөн жылы 14-декабрда коюлган. Анын баштапкы баасы 111,5 миллион сум (11 миң доллар) деп көрсөтүлгөн.

Маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Өзбекстанда сатылган эң кымбат автоунаа номурунун баасы 206 миллион 700 миң сумду (20 миң доллар) түзгөн. Бул жылы жалпысынан өлкө боюнча 262,6 миллиард сумга (25 миллион доллардан ашык) 106 миң автоунаа номуру сатылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: