Menu

УКМК ККК: Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча КР Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-февралда Кыргыз Республикасынын УКМК ККК пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башин районунун айылынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган.

Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: