Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери кайым айтышып, биринин жаагы сынды. Окуя 22-сентябрь күнү болгон. Белгилүү болгондой, №97632 аскер бөлүктүн кызматкер сержанты менен катардагы жоокер кайым айтыша кеткен. Анын кесепетинен аскердин астыңкы жаагы сынган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөнү, учурда ал аскердик ооруканада дарыланып жатканы, аталган факты боюнча кызматтык териштирүү башталып, кызмат адамдары тергөө учурунда ээлеген кызматтарынан бошотулганы, топтолгон материалдар Бишкек гарнизонундагы Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ