Menu

Исаков ишин баштаса, Мамбетовдон баштасын!

Бөлүшүү:

Коомчулуктун оозун ачырган Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов деген бар. Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан богооздугу менен атагы чыккан. Иши менен эмес, сөгүнгөнү менен элге-журтка таанылган ошол эргул, Сапар Исаков премьер-министр болгондон кийин такыр теңирин тааныбай, көзүн чындап май басканы айтылууда. Анткени ал «Сапар Исаков чогуу окуган теңтушум, эми менин богума куурай сая албайсыңар» – деп, басса-турса сөгүнгөндү адатка айлантып, улуу-кичүү дегенди такыр эле көзгө илбей калыптыр. Сыягы Балыкчы шаарынын мурунку мэри Сатыбек Шамшудиновду телефон аркылуу ашатканын эрдик катары көрүп, өнөр кылып алган окшойт. Сапар мырза эми адилеттик, калыстык, чындык десе, моралдык жактан мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган Мамбетовго чара көрүшү керек. Болбосо Исаков деген фамилияны сатып аброюна көлөкө түшүрүп, элге-журтка жек көрсөтүп коюшу ыктымал…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: