Menu

Некролог – Сейдакматова Жамал Сейдакматовна

Бөлүшүү:

Кыргызстан эли орду толгус оор  жоготууга учурады. 2021-жылдын 16-февралында узакка созулган оорудан кийин 82 жаш курагында кайталангыс талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, III жана II даражадагы “Манас” орденинин ээси Жамал Сейдакматова дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Темировка айылында туулган. Фрунзе шаарындагы №5 мектепти аяктаган соң Ленинград Полиграфиялык институтуна тапшырган.

Ал эми 1957-жылдан тарта Кыргыз драма театрынын сахнасына кадам коюп, 1958-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында фильмдерге тартыла баштаган. Улуу талант 1989-жылы алгачкы көз карандысыз  “Туңгуч”  театрын негиздеген.

1970-жылы “Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти”, 1976-жылы “Кыргыз ССРинин Эл артисти”  наамдарын алган.

1986-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

2003- жана 2019-жылдары III жана II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Сейдакматова Жамал Сейдакматовна бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган улуу актриса эле. Ал театр жана кино өнөрүнө эбегейсиз салым кошкон. Мына ушул оор жоготууга байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Мамытов Т.Т., Касымалиева А.К., Сыдыгалиев Н.О., Абдыкеримов Ш.Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С.А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.Ж., Алимбеков Н.К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Анарбаев С.С., Арапбаев А.А., Арзыбаев Н.И., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д.Б., Байбакпаев Э.Д., Баймуратов К.Ш., Бакиров М.И., Бакиров О.М., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д.Д., Бердиев А.Т., Бешимбаева А.К., Бокоев К.С., Гайпкулов И.Т., Джумабеков Д.А., Джураев С.М., Дюшалиев А.К., Жапаров А.К., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Ибраев С.К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д.Ш., Исаев К.К., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Карыбеков А.К., Келдибаев С.А., Кенжебаев Б.Б., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Койчуманов М.Н., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашова А.Т., Маннанов И.А., Матраимов И.И., Молдалиев С.У., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.В., Нурбаев А.М., Нурдинов Б.Б., Нышанов С.К., Омуркулов И.Ш., Ормонов У.З., Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Д., Сабиров М.Э., Садиков У.Ч., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сыдыгалиев Б.К., Сырдыбаев Н.М., Тагаев Э.С., Текебаев О.Ч., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Торобаев Б.Э., Торокулов Д.Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турдумамбетов О.Ж., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., Урумкалиева Ч.Ч., Шарапов З.Э., Эгембердиев М.Б., Эсенаманов З.С., Юсуров А.Л., Сабырбеков А.А., Аманбаев Б.А., Шаболотов Т.Т., Сыдыков Э.М.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: