Бишкекте парктарды реконструкциялоо иши боюнча тергөө уланууда. Мэрия үч сейил бак үчүн миллион доллардан ашуун каражат сарптаган. Бирок салынган объектилердин көбү эмитеден эле бузула баштады.
Бишкектеги “Жаштар” сейил багынын реконструкциясы эки жылга созулган. Модернизация үчүн 370 миң доллар бөлүнгөн. Жасалма зоока үчүн 26 миң доллар коротулган. Тажырыйбалуу инструктор Бегулан Каримов объектиге жакын жолоого да кеңеш бербейт. Эч кандай шарт жок. Зоокага чыгууга бел байлагандар олуттуу жаракат алышы мүмкүн.
Бул арада футбол аянтчасынын пайдубалы урап жатат. Оргума салынган, бирок паркка келгендер ал жерден бир жолу да суу чыкканын көрүшкөн эмес.
“Эгер бул фонтан болсо, анда мен Англиянын королевасымын. Көрүп турасыңар, суу кете турган трубалар жок. Оргуманын жыты жыттанбайт. Тамашалап коюшкан: бул кургак фонтан”,– деди “Шаар парктары” ишканасынын жетекчиси Калича Умралиева.
Бишкектеги үч парк үчүн миллиондон ашуун доллар коротулганы менен келтирилген чыгым 90 миң долларга гана бааланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ