«Бул ЖЭБди модернизациялоо иш боюнча өкүм апелляциялык соттун чечими менен күчүнө киргендигине байланыштуу, бирок ипподромдо жана музейди оңдоо боюнча иш уланып жаткан учурда УКМКнын тергөө абагында калтырылышы мүмкүн», – деди Токтакунов.
Ошондой эле СИЗО-1 мекемесине жактоочулар киргизилбей жатканын айтты.
«Өзгөчө абал учурунда кылмыш иш токтотулбайт, судьялар менен тергөөчүлөр ишти уланта беришет. Бирок Коопсуздук кеңеши менен комендатура жактоочулардын кыймылына уруксат бербей жатат», – деди Токтакунов.
Ал комендатура өзгөчө абал режимине карабастан иштей турган учурда адам укугун бузуп жатат деп белгиледи.
___________________________________________________________________________
“Мага УКМКдан чалышып, Сапар Исаковду СИЗО-1ге которулгандыгы тууралуу маалымат беришти. Бул ЖЭБ боюнча чыккан чечимдин күчүнө кириши менен байланыштуу болсо керек. Бирок азыркы тапта Биринчи Май райондук сотунда Чолпон-Ата шаарында курулган ат майданы боюнча иш каралып жатат. Мындан улам Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын райондук сотто карап, УКМКда деле кармашса болмок”, – дейт Токтакунов.
Айта кетсек, Сапар Исаков ЖЭБ иши боюнча 2 соттук инстансияда тең күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ