Menu

Өзбек президентинин күйөө баласы жол кырсыгына учурады

Бөлүшүү:

Өзбекстан президентинин үй-бүлөсү менен өкүмөтүнө жакын өз булактардын кабарлашынча, Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы, мамлекет башчысынын коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, 36 жаштагы Отабек Умаров 13-февраль күнү кечинде Ташкентте жол кырсыгына кабылды.

Маалыматка караганда, мотоцикл минип бараткан Отабек Умаров катуу ылдамдык менен келе жатып унаа менен сүзүшүп кетпеш үчүн жол жээгине чыгып кеткен.

Президенттин күйөө баласы бутунан жаракат алганы, ага алты саат операция жасалганы айтылууда.

Башка бир маалыматтарга караганда, бейтапты жеке менчик медициналык учак менен чет өлкөгө алып кетишкен.

Отабек Умаров Өзбекстан президентинин кенже кызы Шахноза Мирзиёевага үйлөнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: