Menu

Миграция кызматын Тышкы иштер министрлигине кошуу сунушталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеӊештин жыйынында “Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган КР Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу маалында депутат Бейшенаалы Нурдинов Мамлекеттик миграция кызматын Тышкы иштер министрлигине кошуу максатка ылайыктуу экенин белгиледи.

Андан тышкары, депутат Умбеталы Кыдыралиев да мигранттардын өлкө экономикасы үчүн салымы чоң экенине токтолуп: “2020-жылы пандемияга карабай, мигранттардан 2 млрд 300 млн сомдой каражат келди. Буга биздин жылдык бюджетибиз да жетпейт. Андыктан, миграция кызматынын артыкчылыктуу багыты эске алынып, тиешелүү гана министрликке кошуу керек. Андыктан, Тышкы иштер министрлигинин карамагына кириши натыйжалуу болмок”, – деп кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов Өкмөттүн токтомунун негизинде Мамлекеттик миграция кызматы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар Тышкы иштер министрлигине берилип жатканын маалымдады.

Талкуудан соң аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: