16-18-февраль күндөрү Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Казакстанга иш сапары менен барат.
Өзбек Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, иш сапардын алкагында Камилов аталган үч өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен жолугушат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар аймактык өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Борбор Азиянын глобалдык экономикалык процесстерге интеграциясын жана транспорттук коридорлорду түзүү маселелерин талкуулашат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ