Menu

Фото – УКМКнын жалган кызматкери аныкталды

Бөлүшүү:

2021-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (Документтердин жасалмасы) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМК жалган кызматкери аталган Ысык-Көл областынын тургуну 1994-ж.т. КР жараны К.у.А. аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, К.у.А. өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болгон, алдамчылык жол менен ар кандай ири компанияларга жумушка орноштуруу шылтоосун кылып, жабырлануучулардын ири суммадагы акча каражаттарын алып жүргөн.

Аталган К.у.А. унаасын тинтүүнүн жыйынтыгында, КР ЖК Аппартанынын кызматкеринин кызматтык күбөлүктөрү, КР ЖК имаратына кирүүчү документ, Россиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Россиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган, жеке колу коюлган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, КР ЖК печаты жана уюлдук телефонунан КР УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылып алынды.

Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилмекчи.

Азыркы учурда К.у.А. жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берди.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

“КР УКМК К.у.А. мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 номери аркылуу байлануушуңуздарды же Кыргыз Республикасынын УКМК 0312 660475 нөөмөт кызматына кайрылыңыздар болот”, – деп айтылат малыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: