Ош жана Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери ири суммадагы жасалма акча жасоо ишмердүүлүгү менен алектенип жүргөн жаранды кармоо максатында атайын операция жүргүзүшкөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жакында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда баштыктын ичинен 100 АКШ долларлык жалпы суммасы 9800 АКШ долларды түзгөн жасалма акча табылып, күбөөлөрдүн катышуусу менен алынган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 198-беренесинин 2-бөлүмүнө (Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда, жасалма акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген шериктеринин өздүгүн тактоого жана кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ