Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Зенгиз Камил Фиратты кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Түрк элчиси Кайрат Иманалиевди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Анда министрлик көзөмөлдөгөн тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттары, анын ичинде Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз тараптын катышуусу талкууланды.
Кайрат Иманалиев өз кезегинде Түркия менен мындан аркы өз ара кызматташууга даяр экендигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ