Атамекенчи депутат Аида Саляновадай айымдар Жогорку Кеңешке керек. Анын мыкты юрист экенин эске алсак, карапайым адамдар үчүн укуктук жактан бир топ керектүү болгон мыйзамдар кабыл алынат. Учурда укуктук жактан айрыкча карапайым адамдар өтө көп жабыр тартышууда. Сот системасындагы тааныш-билиштик, коррупция жоголмоюн жашоо оңолбойт. Жогорку Соттун төрайымы өзү баш болуп иш бөлмөсүндө шейшеп сатып отурса анан элестеткиле калган майда сотторду. Жок дегенде Жогорку Кеңеште Саляновадай болгон юристтер отуруу керек депутат болуп, карапайым эл менен иштешкенге. Болбосо парламенттеги депутаттардын жарымынан көбү коммерсанттар. Көпөстөр эч нерсе чече албайт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ