Эсиңерде болсо, Жоомарт Оторбаев премьер-министр болгондо өкмөттүн басма сөз кызматын Гүлнура Төралиева жетектеген. Ал маалымат саясатын жүргүзүүдө чабалдыгын көрсөтүп, кыргыз медиа айдыңын түшүнбөстүгүнө күбө болгонбуз. Көп өтпөй ишинен айдалган. Кийин Сапар Исаковдун премьер-министр болушу менен Төралиева кайрадан мурдагы ордуна келип, бирок дагы да иштей албай, анын ордуна Чыңгыз Эсенгул уулу келди. Мына, орус тилдүү болумуш этип, чет өлкөдөн билим алса эле кыйын эмес тура, эң башкысы, кыргыз табиятын ичкериден түшүнүп, билимди да ушул жагынан айкалыштыруу зарыл. Айтмакчы, шефи тажрыйбасыз Гүлнура айымды кеңешчи кылып алды, эми да эч нерсени кыйратпайт. Ал болгону селфи кылганга маш экен, селфилдей берсин… Ооба, премьер жаш кадрларды көтөргөндөй көзгө көрүнүүдө, тилекке каршы, аларда кыргыздын руху, улутка күйгөн патриоттуулугу болбосо, эшеги ылайдан өтө албайт да. Кыскасы, Сапар мырза аппаратына теоретик, «билимдүү» делгендерди канчалык чогултпасын, нагыз мамлекетчил практиктер болбосо, эч качан оңолбойбуз!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ