Menu

Сапар Исаков ата мекендик ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков  өлкөнүн ишкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

 Урматтуу ишкерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бизнес жаңы жумушчу орундарын ачууга, бюджетти түзүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы технологияны өздөштүрүүгө, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун кеңейтүүгө, акыр аягында – өлкөнүн атаандаштыкка болгон жөндөмүнүн өсүшүнө жана диверсификацияланышына көмөк берген өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги локомотиви жана таянычы болуп саналат. Ишкерлер жетишкендиктер менен гана чектелбестен, экономиканын эң ар кандай чөйрөлөрүн өнүктүрүшөт жана көптөгөн социалдык проблемаларды чечүүгө салымдарын кошушат.

Дал ошондуктан, ишкердик жолду тандап алган, жоопкерчиликти өздөрүнө алган жана натыйжага жетишкен адамдардын ой-пикири өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанилүү.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердикти колдоо боюнча бир топ аракетти жумшап, атап айтканда ченемдик укуктук актылар жакшыртылып, административдик тоскоолдуктар, жөнгө салуучу фискалдык түйшүктөр төмөндөтүлдү, финансылык ресурстарга жетүү кеңейтилүүдө. Кызыкчылыктардын балансына жетүү үчүн бизнес менен дайыма сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан Евразия рыногуна толук масштабда жетүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү негизги артыкчылыктуу багыттар боюнча калууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “жаңы экономикалык чындыктарга адаптациялоо үчүн жагымдуу чөйрөнү жана стимулдарды түзүп, ишканаларды атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы деңгээлине көтөрүү, ошондой эле экономикадагы билимдерди түзүү жана инновациялык чечимдерди колдонуу үчүн” бизнеске мейкиндик берүүгө ниеттенет. Азыр эле бизнес-коомчулуктун “Таза коом” улуттук долбоорунун алкагында мамлекетти жана экономиканы санариптик трансформациялоого абдан кызыкдар экенин көрсөтүп жаткандыгын белгилей кетүү кубанычтуу.

Ошол эле учурда бизнес-коомчулуктун ийгилиги коомдун алдындагы анын ачыктыгына жана белгилүү бир социалдык жоопкерчилигине көз каранды экендигин баса белгилей кетүү керек.

Кыргыз Республикасынын бардык ишкерлерин куттуктап, сиздерге жана сиздердин жакын туугандарыңыздарга чың ден соолук, бакубаттык, стабилдүүлүк, жемиштүү иш жана ишиңиздерде жаңы горизонтторго жетүүңүздөрдү каалап кетүүгө дагы бир жолу уруксат этиңиздер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: