Кечээ, 20-сентябрда Баткенде жүргөн Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөн Зилалиев кыргыз мыйзамдарын одоно бузуп, бийликтин мураскери Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө элди үгүттөгөн учурда жазылып алынган аудио тасма тарады.
Буга байланыштуу бир нече коомдук уюмдар Дүйшөн Зилалиевдин отставкасын талап кылышууда.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүнө ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ