Menu

Социалдык фонд апрелде пенсияларды «Кыргыз почтасы» аркылуу үйгө жеткирет

Бөлүшүү:

Коронавирус инфекциясынын калк арасында, өзгөчө, карылар арасында жайылышынын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2020-жылдын апрель айында ардагерлердин пенсиясын үйгө жеткирүүнү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу ишке ашырат.

2020-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 670 миң пенсия алуучу катталган, анын 55% пенсияны ар кыл банк мекемелеринен алса, ал эми 45% почта бөлүмдөрү аркылуу алышат.

Мурда почта аркылуу пенсия алуучулар өздөрү график боюнча почта бөлүмдөрүнө келип, пенсияларын алышчу. Бирок мындан ары орун алган кырдаалга байланыштуу «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери ар бир пенсионерге пенсияны үйүнө жеткирип беришет.

Республика боюнча почта бөлүмдөрү аркылуу пенсия алуучулардын саны 300 миңден ашуун саналат. Пенсияларын банк карттары аркылуу алган бардык пенсионерлер да апрель айы үчүн пенсиясын кадимкидей эле карта аркылуу өз мөөнөтүндө алышат.

Бирок банк аркылуу пенсиясын карта менен эмес, банктын эсептешүү кассалары аркылуу алган пенсионерлер дагы бар. Мындай пенсионерлер үчүн да бул айда «Кыргыз почтасы» пенсияны ар бирине үй дареги боюнча жеткирип берет. Бул үйдөн чыгууга чектөө киргизүү жана банктардын алдындагы кезектин түзүлүшүн алдын алуу максатында кабыл алынган убактылуу чара.

Банкоматтардын кызматын пайдалана албаган пенсионерлер үчүн пенсияларды «Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлери «РСК Банк» жана «Айыл Банктын» посттерминалдары аркылуу төлөп беришет.

Социалдык фонд тараптан пенсиялык төлөм толук көлөмдө жана бекитилген мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Үйлөргө жеткирип берүү төлөм графиги боюнча  «Кыргыз почтасы» ишканасынын күч-аракеттери менен ишке ашырылат.

Мындан тышкары Социалдык фонд тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар пенсионерлер Соцфонддун райондук башкармалыктарына барбастан, 0 (312) 54-33-16, 0550550145 жана 0 (312) 57-66-61, 0555640416 түз байланыш телефондору, CALL-борбордун 1202 кыска номуру, ошондой эле Соцфонддун www.socfond.kg сайты аркылуу кайрылса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: