Menu

Фото – Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Ө. Суваналиев КР ИИМдин өздүк курамы менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-октябрь күнү ИИМде Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын координатору Ө. Суваналиевдин жетекчилиги алдында жыйын өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарын коменданты Курсан Асанов, министрдин орун басарлары жана ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамы катышкан.

Жыйында Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча иштерди күчөтүү керектигин, инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо үчүн ички иштер министрлигинин бардык бөлүктөрүнүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, чагымчыл күчтөр тарабынан кырдаалды курчутуу аракети болуп жаткандыгын билдирди.

Күч түзүмдөрүнүн кырдаалды көзөмөлдөөгө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө күчү жана каражаты жетиштүү. Бул багытта ишмердүүлүктү күчөтүү зарыл. Мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн имараттарын басып алууга аракет кылгандарга карата КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

“ИИМ жана башка күч түзүмдөр саясаттан тышкары болуп, КР мыйзамдарына ылайык коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды чечиши керек. Биз саясаттан тышкарыбыз жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын колдобойбуз, биз саясаттан тышкары турган мамлекеттик күч органыбыз. Биздин негизги максат- мамлекеттин коопсуздугун сактоо. Биз криминогендик кырдаалды начарлатууга жол бербей, республикада ар кандай саясий күчтөрдүн таасир берүү аракетине, туруксуздаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарын алсыздантуу аракеттерине катуу бөгөт коюшубуз керек.

ИИМ жана башка күч түзүмдөр ар кайсы деструктивдик күчтөр кырдаалды курчутуусуна жол бербейт. Укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо, өлкөгө мыйзамдуулукту жана туруктуулукту алып келүү максатында өз иштерин ишке ашырууну улантат жана ага бардык шарттар менен мүмкүнчүлүктөр бар”,-деп жыйында Ө. Суваналиев баса белгиледи.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: