Menu

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун Японияга иш сапары

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-23-октябрда иш сапары менен Японияга барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Токио шаарындагы Император сарайында өткөн такка отургузуу аземине дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Япония Президенти Синдзо Абэ менен жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу өз ара кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Япониянын парламентарийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын баш кеңсесине, «Toshiba Energy Systems and Solutions» ишканасынын заводуна барды жана Токио шаарындагы «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Инвестициялык кызматташуунун келечеги, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүндөгү мамилелерди кеңейтүү чаралары талкууланды.

Муну менен бирге иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Японияда жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.

Бүгүн, 24-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: