15-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Разан-Сай, Күрпө-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты.
Алар 40 гектар жайыт жерге геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлөрүн айтышып, буга каршы чыгышты.
Маалыматка ылайык, геологиялык чалгындоо иштери Кызыл-Бейит айылына жакын жерде Шилби жана Тактазан ири жайлоосунда Союз мезгилинен бери жүргүзүлүп келе жатат. 2014-жылы аталган жайыттарда алтын кенин иштетүүгө лицензия берилген.
Чогулган айыл тургундарынын айтымында, үч айылдын жашоочулары ушул жайлоодо малдарын жайышат. Алар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет. Ар бир үй-бүлөдө кой, эчки жана уй бар. Буга байланыштуу алар жайлоодогу тоо-кен иштерин жүргүзүүгө каршы болушууда.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ