Токмок шаарында каракчылыкка шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Токмок шаарынын ИИБнө 37 жаштагы С.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган, ал арызында ушул эле жылдын 13-февралында саат 21:00 чамасында үйгө кирген белгисиз эки адамга чара көрүүнү суранган, анда кылмышкерлер ага денеге залал келтирип, бычак колдонуп коркутуп уюлдук телефонун ачык уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Аталган факт Токмок ШИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) беренеси боюнча , сотко чейинки тергөө иши баштаган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, жогорудагы кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан, экөөнүн өздүгүн аныкташып, кармашкан, алар: 33 жаштагы М.М. жана 43 жаштагы Т.Б., экөө тең Чүй облусунун тургундары болуп чыкты.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ