Menu

Фото – Жазуучу, коомдук ишмер Кадыркул Өмүркуловду эскерүү кечеси өттү

Бөлүшүү:
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү кинодраматург, прозаик, журналист жана коомдук ишмер Кадыркул Өмүркуловдун 80 жылдыгына арналган «Сөз терип, ой баккан талант » аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, туугандары, жердештери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ири өкүлдөрү катышты.
Кадыркул Өмүркулов 1941-жылы Чүй облусунун Жыламыш айылында туулган. Жазуучу Касымалы Жантөшев менен акын Нуркамал Жетикашкаеванын уулу.
Өмүркулов Москвадагы Бүткүл Союздук Мамлекеттик Кинематография институтунун “Сценарий” бөлүмүн аяктаган.
К.Өмүркуловдун айтымында, анын чыгармачыл өмүр баяны журналистикадан башталып, республикалык жаштар басма сөзүндө биринчи жолу жарыяланган. Андан бери ал республиканын көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз кызматташып, 17 жылдан ашуун убакыт “Жаңылыктар” республикалык пресс-бюросун жетектеген (АПН). Ал чыгармачылык ишмердүүлүгүн илим жана педагогика менен ийгиликтүү айкалыштырган.
Ал сценарий жазганды эрте өздөштүрүп, 1964-жылы “Кызыл Аянт” деген документалдуу фильмге сценарий жазып чыгармачыл жолу башталган. 1965-жылы Бүткүл союздук кинематографисттер институтунун сценардык бөлүмүн бүткөн. Ошол эле жылы таланттуу кинорежиссер Т. Океев менен биргелешип жазган “Бакайдын жайыты” аттуу кинофильмдин сценарийи анын биринчи адабий иши болуп эсептелет.
1966-1971-жылдары Кыргызстан мамлекеттик кинокомитетинде жана “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор, 1973-1976-жылдарда директор, башкы ре¬дактор, 1976-1993-жылдары Жаңылык Басылмалар Агентствосунун (АПН) кыргыз бөлүмүнүн өз кабарчысы жана башчысы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук телерадио берүү компаниясынын президенти болгон.
К.Өмүркулов республиканын мамкиносунда, телерадиосунда иштеп турган мезгилинде жаңы темага, профессионалдык чеберчиликке, улуттук рухий маданиятты өстүрүүгө аракеттенип, уюштуруу ишине чоң көңүл бурган. Айрыкча документалдуу фильмдин өсүп-өнүгүшүнө жаңы табылгаларды изденип, өзүнүн бай тажрыйбаларын үйрөтүп, бир топ алгылыктуу иштерди аткарып өз салымын кошкон.
Манасчы С. Каралаев тууралуу тарткан даректүү тасмасы дүйнөлүк аренага тарап, улуттук жаш кино өнөрүнүн чоң жаңылыгы катары бааланган.
К. Өмүркулов жеке эле кино жаатында эмес, адабият майданында да жигердүү иштеп, “Жер касиети”, “Жылдыздуу түн”, “Миң булак” аттуу чыгармалардын автору болду.
1968-жылы “Бакайдын жайыты” кинофильми үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. 1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген. “Эл достугу” ордени (1991), “Даңк” медалы менен (2001) жана грамоталар менен сыйланган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: