Menu

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: Президенттин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө Жарлыгын сапаттуу деңгээлде ишке ашыруу зарыл

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын сапаттуу жана жогорку деңгээлде ишке ашыруу зарыл», – деди онлайн-кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Артем Новиков Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу концепцияны иштеп чыгууда тарбия берүү, окутуу, маданий жактан өркүндөтүү, эртелеп өнүктүрүү тутумун өзгөртүүгө карай комплекстүү мамилени, калктын бардык катмарынын спорттук, өнүктүрүүчү, чыгармачыл инфраструктурага карай жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду инсан катары калыптандыруунун бардык баскычтарында нравалык тарбия берүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында көрсөтүлгөн башка багыттарды эске алуу менен иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Тармактык мамлекеттик органдарга Концепциянын долбоорун илимий чөйрө, коомдук ишмерлер жана бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкуулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын март айынын башталышына карай сунуштоо тапшырылды.

Кеңешменин алкагында ошондой эле өлкөнүн 2021-жылга карата маданий жашоосуна тийиштүү маселелер козголду, аны талкуулоонун жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык театрлардын аймактар боюнча гастролунун графигин даярдоо тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: