Menu

Байден COVAX долбоорун колдоо жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылоого чакыруу аркылуу глобалдык саламаттыкты сактоо боюнча чараларды көрөт

Бөлүшүү:

Вирус бүткүл дүйнөгө жайылып, жаңы түрлөрү пайда болуп жатканда, мүмкүн болушунча көбүрөөк элди тезинен эмдөөдөн өткөрүп, бул чара маанилүү экендиги фактылардан көрүнүп турат. Эртең Чоң жетиликте (G7) Президент дүйнө жүзүндөгү калктын аялуу катмарларын коргоо менен америкалыктардын ден-соолугун жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды көрүп жаткандыгын жарыя кылат. Ал ошондой эле G7 өнөктөштөрүн бул пандемияга чекит коюу жана кийин кайталанбашын алдын алуу үчүн зарыл потенциалды көтөрүү үчүн өлкөлөрдү туруктуу саламаттыкты сактоону каржылоо механизмине артыкчылык берүүгө чакырат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы Элчиликтин маалымат катчысы Туратбек Макенбаев билдирди.

COVID бизге эч бир эл пандемияга каршы жалгыз иш-аракет кыла албастыгын көрсөттү. Бүгүн, президент Байден дүйнөдөгү аялуу катмарларга колдоо көрсөтүү жана америкалыктарды COVID-19дан сактоо боюнча иш-чараларын көрүп жатат.

2020-жылдын декабрь айында эки тараптуу Конгресстин добуш берүүсү менен бөлүнгөн акчаны колдонуп, Америка Кошмо Штаттары COVAX Advance Market милдеттенмеси үчүн вакциналык альянс – GAVI уюмуна баштапкы 2 миллиард доллар өлчөмүндө салым кошот, бул COVAX Facility-нин каржылоонун инновациялык инструменти, ал коопсуз жана дүйнөнүн 92 төмөн жана орто кирешелүү экономикалар үчүн натыйжалуу вакциналар.

Америка Кошмо Штаттары мындан ары 2021 жана 2022-жылдарга чейин кошумча 2 миллиард доллар бөлүп, COVAXка глобалдык салымдарды кошуу ишинде лидерлик милдетти аткарат, анын алгачкы 500 миллион доллары учурдагы донордук убадаларды аткарууга багытталып, алгачкы дозалар төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө таратууга берилет. GAVI менен тыгыз кызматташтыкта, бул кошумча 2 миллиард долларлык каржы COVAXтын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн кызмат кылат. Ошондой эле биз G7 жана башка өнөктөштөрүбүздү GAVI менен катар иштөөгө, дүйнөлүк COVID-19 эмдөөсүн колдоо үчүн миллиарддаган ресурстарды алып келүүгө жана тез арада вакцина өндүрүү, жана жеткирүүнү максат кылууга чакырабыз. Акырында, Чоң жетиликте (G7) президент Байден АКШнын глобалдык саламаттыкты сактоо жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо боюнча күн тартибин алга жылдыруу боюнча милдеттенмесин дагы бир жолу ырастайт. Бардык өлкөлөрдө эпидемиялык очокторду алдын алуу, табуу жана ага каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү болушу керек. COVID-19 пандемиясы жана Конго Демократиялык Республикасында жана Гвинеяда болуп жаткан Эбола эпидемиясы биологиялык катастрофаларды алдын алуу үчүн өлкөнүн потенциалын жандандыруу үчүн туруктуу саламаттыкты сактоо каржылоосунун зарылдыгын белгилейт.

Бүгүн Президент төмөнкүлөрдү билдирет:

Эң аялуу катмарларды коргоо, Американы коргоо: Америка Кошмо Штаттарынын салымы GAVIге коронавирустун алдын алуу, ага даярдануу жана дүйнөдөгү аялуу катмарларга вакцина сатып алып берүү жана жеткирүү аркылуу жардам берүү максатында дайындалган. GAVI менен биргеликте, бул каражаттын негизги бөлүгү вакциналарды түздөн-түз сатып алууну колдоого багытталат, ошондой эле бир бөлүгү өлкөнүн кеңири даярдыгын жана вакцина кызматын көрсөтүүнү колдойт.

Дүйнөлүк коомчулукту иш-аракет көрүүгө үндөө: Президент Байдендин тушунда, Америка Кошмо Штаттары COVAX Фондусунун жаңы донордук милдеттенмелерин активдештирүүдө лидерлик ролду ойнойт. АКШ өкмөтүнүн кийинки 2 миллиард долларлык колдоосу, бул бүгүнкү баштапкы 2 миллиард доллар салымына кошумча болот, биз башка донорлор менен биргеликте иш алып барып, милдеттенмелерди көтөрүп жатабыз. Максат айкын – калктын аялуу катмарларын эмдөө жана вакцинаны башка мүмкүнчүлүктөрү жок адамдарга жеткирүү.

Администрациянын бул каржылоосу GAVIге шашылыш муктаждыктарды чечүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда 2021-жылы башка донорлордун салымдарын арбындатуу жана көбөйтүү аракеттерин колдойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: