Menu

Мавлян Аскарбеков: “Мен Рита Карасартованын ыйына себеп боло турган сөздөрдү айткан эмесмин”

Бөлүшүү:

“Рита Карасартова менен болгон инцидент боюнча өзүмдүн оюмду айта кетейин. Кечээ жакында ЖМКлардын бири мен теледебатка чакырып, мен Рита Карасартова менен дебатка чыккам. Негизиги талкуу – жергиликтүү кеңеш жана ЖКдагы квота маселеси. Мен 10 жылдан бери квота болбош керек деген позицияны карманып келе жатам”, – деп билдирди Октябрь районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков. “Дебат учурунда ар-намыска шек келтирбей, өзүмдүн оюмду айтып жаткам. Бирок. ир убакта Рита Карасартова “сен популистсиң” ж.б. сөздөрдү айта баштады. Мен аргумент катары “Рита айым, сиз мурда квотага каршы чыккансыз. Азыр болсо квота болуш керек деп жатасыз. Андан тышкары, фемминисттер, ЛГБТ менен митингге чыгып, аял менен эркектин укугу бирдей болушун талап кылып келгенсиз. Эгер ал принциптериңизге турсаңыз, анда эмне үчүн квотага жанталашып жатасыз? Бул туура эмес” – дедим. Андан тышкары, кээ бир НПОлор өтө чоң акча алышып, бизде деструктивдүү иш-аракеттерди көрөт. Мен ошондой бейөкмөт уюмдары менен күрөшкөн адам катары аны баса белгилеп айткам. Рита айым эмоцияга алдырып ыйлап, эфирдин аягында чыгып кетти. Мен Карасартованын ыйына себеп боло турган сөздөрдү айткан эмесмин. Мен 10 жылдан бери Рита Карасартовага “бейөкмөт уюмдары. укук коргоо дегенди таштаңыз дагы, саясатчы болуңуз, бизге саясатта күчтүү адамдар керек” деп айтып келем. Кечээ ал “саясатчы болдум” дейт. Саясатчы болгон адам дебаттан ыйлап чыгып кетпейт. Саясатта аял-эркек, жаш-кары, кыргыз-өзбек деген түшүнүк жок болуш керек”, – деди ал. “Рита Карасартова эфирге чыгып ыйлагандан кийин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар биздин дебатты көрбөй эле, мени жаманатты кылып, ар нерсени айтып, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жатышты интернеттен. Андан сырткары, мэрияга барып менин үстүмөн арыз жазышыптыр. Мен муниципалдык кызматкермин, бирок феминисттер боюнча менин өзүмдүн позициям бар. Аны мен 10 жылдан бери айтып келе жатам”, – деди ал. Ал ага каршы чыгып, жамандап, сотко беребиз деп коркутуп жаткандарга дебатты толугу менен көрүп чыгууну сунуш кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: