Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жер башкаруу тутуму биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө чоң ролду ойнойт.

Аймактардын өнүгүүсүн пландаштырууда, айыл чарбасында, айлана-чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды, инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууда санарип карталарга жана жер менен кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарга болгон муктаждык күндөн күнгө өсүүдө.

Жерди пайдалануу боюнча заманбап маалыматтар, сапаттуу электрондук кызматтар – бул тармактын туруктуу өнүгүүсүнө жетүүнүн маанилүү шарттары болуп саналат.

Жерге жайгаштыруу тутуму жана анын негизинде түзүлгөн геомаалымат базалары электрондук өкмөттү ишке ашыруунун негиздеринин бири болуп эсептелет.

Учурда заманбап, ишенимдүү жер ресурстарын башкаруу тутумун жана мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын түзүү стратегиялык артыкчылык болуп эсептелет.

Ушул тармактын ардагерлеринин кыраакы кеңештери менен алдыңкы маалыматтык жана геомаалыматтык технологияларды жайылтууда чечкиндүү кадамдар жасалат деп ишенебиз.

Сиздердин ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: